Адилет Осмонов, эксперт: «Мадумаров кызматка баруу ниети бар экенин кыйытты»

0
125

     «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров маек берди.  Ал, бийликтен элге пайдасы тийе турган кызмат берсе бара турган үмүтү бар экенин айткан. Муну эксперт Адилет Осмонов төмөндөгүчө чечмелеп айтып  берди.

     «Адахан Мадумаров убактысы текке кетип жатканын түшүндү окшойт. Анан калса акыркы 10 жылда саясатта жолу болбой, жалаң гана сын пикирлер менен отуруп калды.  Партиясы 2 жолу шайлоодон утулду. Мындай оор сокку анын психикасына деле таасир берип жатат. Акырында «кызмат берсе иштейт элем» деген намек бериптир. Чынында азыр көчө оппозиция жана митинг пикеттердин доору бүттү. Мындан ары башкача өнүгүү, саясий маданияттуулук пайда болот. Саясий атаандаштар компроматтар менен эмес,  деңгээл жөндөмдөр менен салгылашып калат.  Ал эми көчөдө кыйкырып сындап отура берген саясатчылар эскинин саркындысы. Ушуларды эске алып Мадумаров кызмат үмүт кылып баштаптыр. Кызматка барсын, сөзүн иши менен далилдесин!»-дейт ал.

     Эске сала кетсек,  Мадумаров буга чейин бийликти сындап, кызматта отургандын бары билимсиз, акылы тайкы, караңгы түркөй деп айыптап келген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here