Нурбек Сыдыгалиев, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты: “Текебаев жалган айтты, мандат боюнча алдын ала эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес”

0
81

— “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сиздин мандатыңыз боюнча эки жарым жылдан бери сүйлөшүүлөр  болгонун, бул боюнча нотериалдык кагаздар бар экенин билдирди.  Мунун канчалык чындыгы бар?

— 2015-жылы Алмамбет Насырканович менен шайлоого чогуу барганбыз. Биз экөөбүз бир жерденбиз, ага-ини болуп жүрөбүз. Анын мандатына келишим да, сүйлөшүүлөр да болгон эмес. Бул чындыкка дал келбейт.

— Текебаев Шыкмаматовго иш козголгондо мандатын алам деп чыгып, кайра адамгерчилик кылып албай койгон деп жатпайбы?

— Мен кантип Шыкмаматовдун мандатын ала алам? Эгер ал тизмеде 11-орунда турса, мен 22-орунда болчумун. Ортобузда дагы 11 талапкер бар болчу. Аларды кындай кылмак элек? Мунун баары чындыкка дал келбейт.

— Демек Текебаев калп айткан болуп калабы?

— Ошондой болуп калат. Бул экөөнүн чыр-чатагын мен билем. Бирок, Текебаев менен Шыкмаматов ортосундагы мамилени өздөрү чечишип алышсын.

— Сизди ортого аралаштырып, мунун баары Нурбек үчүн болуп жатат дегени жалган турбайбы?

— Бул жалган сөз, эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок.

Булак: “Медиа центр” ютуб каналы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here