АКШ жана ОБСЕнин өкүлдөрү Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча тынчсызданбай эле койсо болот

1
139

      Мен дипломат жана аналитик катары тартынбай эле айта алам, Кыргызстан демократиянын өнүгүшү жана сөз эркиндиги боюнча Борбордук Азиядагы бардык мамлекеттердин алдында турат. Муну бул багыттагы бардык изилдөөлөр жана анализдеп көрсөтүп турат. Биздин мамлекет сөз эркиндиги боюнча биринчи орунда. Бизде сын-пикирлер ачык, ММКлар эркин, баары ачык жазат жана көрсөтөт. Кайсыл жерде басым болуп атат? Бекеринен бизди бүтүндөй дүйнө жүзү «Демократия аралчасы» деп тааныган эмес. Азыр абсолюттуу түрдө баарын сындай алышат, карапайым жаран, мамлекеттик кызматкер, депутат, мурдагы президент де аракеттеги президент болсоң дагы. Сын-пикирге баары кабылууда жана ал тууралуу бардык ММКлар жазып келет – бул сөз эркиндиги эмеспи?

      Коңшулаш мамлекеттерде Кыргызстандагыдай демократия жана сөз эркиндиги жок.

      Биздин коңшулар, Борбордук Азия жана КМШ мамлекеттери тескерисинче бизден үлгү алышууда – өз пикириңди эркин жана ачык билдирүү жана сын айтуу жаатынан. Биздин элдин менталитети эркин сүйлөөгө жана пикириңди эркин айтууга тыюу салууга жана чектөөгө жол бербейт. Демократия биздин жүрөгүбүздө. Кыргыздар эчендеген кылымдардан бери өтө көз карандысыз жана эркин эл, өзүн чектөөгө жол бербейт.

      Мен КР Тышкы иштер министрлигинин жообун өз убагында жана туура айтылган жооп деп эсептейм.

      ТИМ ОБСЕнин билдирүүсү Кыргызстандын сот системасына басым жасоо аракети катары карала турганын туура белгиледи деп эсептейм. ОБСЕ мындай билдирүү жасоо менен шашылышты деп эсептейм. Себеби Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча алтургай европа мамлекеттери менен да атаандаш боло алат.

Кыргызстанды демократиянын принциптерин барктаган жана сактаган мамлекет катары маяк менен салыштырса болот.

Автор: Кубанычбек Чекиров

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Америка менен ОБСЕ Кыргызстандагы демократия менен соз эркиндигине сын такпай оздорунун демократиясын ойлоп биздин олконун саясатына кийлигишпесин

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here