Чукул кабар: Атамбаев Батукаевдин иши боюнча Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди

0
126

    Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумга алынып келинди. Бул тууралуу ишенимдүү булактарыбыз кабарлады.

     15-ноябрда өткөн соттук отурумга мурдагы президент Атамбаев катышуудан баш тарткан болчу.  Бул иш боюнча Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталып жатат. Буга чейин 14 адам тергөө менен кызматташууга кол койгону кабарланган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here