25-ноябрдагы митингди уюштурууну кимдер каржылап жатат?

0
186

    «Азаттык» радиосунун Кыргызстандан чыгарылып кеткен (2011-2016-жылдар аралыгында) миллиондор тууралуу иликтөөсүнүн 2-бөлүгү жарыяланары менен батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү интернеттеги социалдык түйүндөрдө активдешип, «25-ноябрда кайдыгер эмес кыргызстандыктар митингге чыккыла» деген чакырык жасоого өтүштү.

     Эгемендик алган жылдардан бери карай митинг-пикет дегендер бизде кадимкидей адатка айланганы белгилүү. Анан дагы ар бир өткөрүлгөн митингдин артында каржылоочусу, заказ берүүчүлөрү боло турганы да жашыруун эмес. Бул тууралуу белгилүү адвокат Канат Хасанов да өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.

     «Митинг??? Бардык жердеги жеке баракчаларда жана топтордо митинг жана нааразычылыктар боюнча айтып жатышат… Бул митингдин артында кимдер турганын билүү кызык, себеби бардык митингдер каржылана турганы жана көптөгөн чыгымдарды талап кыларын баарыбыз эң сонун билебиз. Алар ким же кимдер????? Анан баса, адамдык өзүн-өзү түшүнүү тууралуу айтуунун кажети жок, себеби биз баарыбыз бардык митингдер жана революциялардан өткөнбүз», — дейт ал.

     Чын эле өлкөбүздө ушуга чейин канча митинг-пикет болсо, анын баары каржыланып келгенин тана албайбыз. Андыктан бул жолку митингди да каржылап жаткандар бар. Алар эмне себептен бул митингди каржылап жатышканын ачык айта алышат болду бекен? Албетте айтышпайт. Себеби, алардын максаты өлкөбүздөгү саясий кырдаалды курчутуу жана дагы бир төңкөрүш жасоо менен мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч туудуруу болуп саналат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here