Эрнис Кыязов, журналист: “Ушинтип ойлоп, күмөн кылуу «Раим аппак, Раимге тийбе» дегенди билдирбейт…”

0
148

    — «Азаттык» азамат. Бирок, азаматтык кылганга жараша толук азаматтык кылуу «Азаттыктын» гана колунан келет, анткени ал каржы жагынан, башка жагынан Кыргызстандагы эч бир саясый тараптарга, өкмөткө, парламентке, партияларга, пулу көп көпөстөргө байланбаган статустагы медиа. Бирок, иликтөөлөрүндө Раим менен Атамбаевдин о.э. уйгур ишкер жигиттеринин байланышынын изи тууралуу эч ооз ачпай келатканы …»Азаттык» деле кайсы бир жактын кызыкчылыгына ооп атат го…-деген күмөндү жаратат. Ушинтип ойлоп, күмөн кылуу «Раим аппак, Раимге тийбе» дегенди билдирбейт. Элдин көбү түшүнбөй антип ойлогондун баарын «Азаттыкка» бут тосуп Раимди коргоп атат»- дешүүдө. «Азаттыктын» мурунку кийинки иликтөөлөрү тууралуу Бешинчи каналда эн көп сөз кылган кайра эле ошол азаттыкта мурда иштеп кеткендер. Демек, «Азаттыкчылардын» кимиси туура, мурда иштеп кеткендериби же азыр иштеп жаткандарыбы?-» деген суроо коюу туура болот.

     Баса: Атамбаевдин тарапташтары күйүмүш болуп «Азаттыкка» жан тартымыш болгонуңарды, Раим миллион менен мамилеси барлар, бизнес оокаты бир кишилер Бешинчи каналга жан тартымыш болгон тумандуу, бозала чаңды сапырбай кое тургулачы, сураныч. Буюрса «Азаттыктагы» азаттыкчылар да, Бешинчи каналда иштеген «азаттыкчылар» да туура жолдо баратат, акыры эки тарап тен эрегишип, атаандашып олтуруп чыныгы ууру, баардык боткону чалып тымпыйып жаткан ууру ким экенин табышат! Боз туман таркап кимдин ким экени билинет, буюрса!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here