«Райым Матраимов» темасы менен Кыргызстанды талкалагысы келгендерден сак бололу!

0
1982

     Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери карай эле башынан оор сыноолорду өткөрүп келе жатат. Өз арабабызды өзүбүз тарта албай, өзгөлөрдүн айткандарына көбүрөөк ынанып калмай адатыбыздан далай ирет пайдаланышты. Эки ирет революция жасалды. Далай жолу (саны эсепсиз болуп кетти) митингдер, пикеттер уюштурулду. Баарынан дагы ошол митинг-пикеттер тамак-ашы жана күнүнө төлөнүп берилүүчү акчасы менен чогуу болду.

    Кыргызстанга үстөмдүгүн көргөзүп, өз саясатын жүргүзгүсү келген саясий күчтөр арбын болду. Андай тышкы саясий күчтөр бүгүн да күч алып отурат. Бул ирет өлкөнү чайпалтуу үчүн «Райым Матраимов» аттуу теманы көтөрүп чыгышты. Болбосо, Райым Матраимовду бүгүнкү бийликке каршы курал катары колдонууга эч кандай негиз жок эле. Ал бүгүнкү күндө эч кандай мамлекеттик кызматта иштебейт. Аны Алмазбек Атамбаев бийликтен кетерине бир күн калганда кызматынан алдыртып салган. Андыктан «Райым Матраимов» деген тема көтөрүлүшү керек болсо, анда ал дал ошол Атамбаевдин бийлигинин учурунда көтөрүлүшү керек болчу. Себеби, «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү өлкөдөн чыгарылып кеткен миллиондордун баары Атамбаевдин доорунда чыгарылып жатпайбы. Демек, бул миллиондор боюнча суроо биринчи кезекте Атамбаевге жолдонушу керек.

    Ошентип, «Райым Матраимов» темасы менен элибизди бөлүп-жарууну көздөгөн АКШдан каржыланган бейөкмөтчүлөр ишке кызуу киришти. Билектерин түрүнүп алып, элди 25-ноябрда митингге чыгууга үндөп жатышат. Биз мындай чакырыктарга эмне үчүн алданбашыбыз керек?

     Себептерин санап берели. Биринчиден, Стамбулда Саймаитини өлтүргөн деп шектелген адамдар көп узабай эле кармалган. Алар үчөө болсо, экөөсү өздөрүн Кыргызстандын жарандарыбыз деп тааныштырышкан. Бирөөсү жасалма паспорт менен Сириянын жараны болгон. Алар үчөө тең Сирияга чыгып кетейин деп жаткан маалда кармалышкан. Кармалгандардын өңү-түстөрүнө караганда эч кандай кыргызга окшобойт. Ошол эле убакта Мамкаттоо Хусеин Ахметалиев жана Абдулла Энвер (Саймаитини өлтүрүүгө шектелгендер) аттуу жарандар маалыматтар базасында катталбаганын билдирди. Демек, алар Кыргызстандын жарандары эмес. Андыктан Саймаитинин өлүмүн Матраимовдор уюштурушу мүмкүн деген версия анчалык чындыкка жакындабай жатат.

     Экинчиден, эл аралык деңгээлдеги эксперттердин бири өз атын атоодон баш тартуу менен Саймаити өлтүрүүнү уюштурууда батыштын атайын кызматтарынын да катыштыгы бардыгын айткан. Ошондой эле «Азаттыктын» иликтөөсүндө SWIFT төлөм системасынын маалыматтарын Батыштын атайын кызматтары гана уюштуруп бере алат экен. «Мына ушул элементтердин баары бир гана жактан. Биздин чиновниктер глобалдык оюндун элементи болуп калышканын азыркыга чейин түшүнүшө элек», — дейт ал эксперт.

     Ошондой эле ал Батыш Кыргызстандын мурдагыдай эле «Демократия аралчасы» болуп калышы талап кыларын, ал үчүн «курмандык» өтө так тандалып алынганын айтат. Тактап айтсак, Саймаитини курмандык кылуу менен алар Кыргызстандын ичинде мурдагыдай эле талаш-тартыш, саясий күчтөрдүн тиреши күч алып турушун камсыздашты. Анын үстүнө парламенттик шайлоо да жакындап келатат. Мындай кырдаалда батыш парламентке да өздөрүнүн тыңчыларын киргизүүнү каалап турушат.

     Демек, Кыргызстан жана анын калкы учурда Батыштын колундагы куурчакка айланып калганы турат. Биз андайга жол бербейли. Эгерде Райым Матраимов Кыргызстандан 700 миллион долларды чыгарып кеткен болсо, анда аны кайтарып беришин албетте талап кылабыз. Анан аны калкалап келген Атамбаевдин да канча жүздөгөн миллиондорду алганын иликтөөнү талап кылабыз. Болгону мамлекетибизди чайпалтууга жол бербейли. Эки тарап болуп бөлүнүүнү кажети жок. Райым Матраимов темасын козгоо менен элибизди бөлүп-жарып, ынтымакты ыдыраткысы келгендерге өтө сабырдуулугубуз менен жооп кайтаралы. Ошондо өздөрү эле коңулга кайра кирип кетишет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here