Конституциялык Палата: Атамбаевдин кол тийбестигин алуу мыйзамдуу болгон

0
30

     Жогорку Соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышын Баш мыйзамга каршы келбейт деп тапты. Бул туурасында бүгүн, 24-октябрда уланган жараяндын жыйынтыгы менен белгилүү болду.

     Ишти кароо кечээ, 23-октябрда башталган. Жогорку Кеңеш быйыл 27- июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. 

     18-октябрь күнү КСДП мүчөлөрү «КР Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2019-жылдын 15-майындагы №61 Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасын  жана 2-беренесин конституциялык эмес деп таануу өтүнүчү менен Конституциялык палатага кайрылуу жолдошкон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here