Кен казган жападан жалгыз кыргыз компаниясына алкымы бузук соттор кантип бут тосуп жатат?

0
148

     Кемин районунда жайгашкан кен казуучу жайды рейдерлик жол менен кытай компаниясы тартып алганы жатканын айтып бүгүн Элдик Медиа порталына “ТИ Майнинг” компаниясынын жетекчиси Тимур Пазылов жана аталган компаниянын кызыкчылыгын коргогон өкүлдөр келишти.

    Башта 5 жылдык мөөнөт менен бул компания кыргызстандык “ГеоРесурс” компаниясынан келишимдик түрдө лицензиясын сатып алган. Учурда жергиликтүү компания “ТИ Майнинг” 300 адамды жумуш орундары менен камсыз кылып, аталган кен казуу объектиси пайда бергенге чейин эле өз чөнтөктөрүнөн аталган аймактын 400 чакырым жолун түздөтүп айыл ичиндеги жолдорду оңдотуп бергендигин айтышты. “Жумуш башталаары менен ушул компаниянын лицензиясын тартып алуу аракеттери башталган. Талашка түшкөн аймакты 2017- жылдан бери кытайлар көз артып келишет”- дейт ОсОО “ТИ Майнинг” компаниясынын жетекчиси Тимур Пазылов.

Булак: https://eldik.media

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here