Таптап сүйлөгөнчө, тактап сүйлөгөндү үйрөнсөк

0
93

     Акыркы убактарда саясатчылар гана эмес, катардагы адамдар деле билип-билбей, тактап-тактабай эле сүйлөгөндү адатка айландырып баратабыз. Бул жагы өтө өкүнүчтүү экенин моюнга алышыбыз керек. Өзүбүзгө карата айтылган сынды көтөрө албайбыз, бирок башкаларды каратып туруп эле каралап салмайыбыз бар.

     Кече жакында эле соттун чечими менен үй камагына чыккан «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн туулуп-өскөн айылы Акманда эл менен жолугушуу маалында жөн эле кулагы чалып калган маалыматты тактабастан туруп айтып салды. «Оштогу көпүрөнүн курулушундагы кылмыш ишине 20 аткаминердин тиешеси бар деген. Алардын 19у акталып, катарында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун атасы дагы бар болгон. Мындан улам эмне үчүн жалгыз гана Мырзакматов күнөөлүү бойдон калышы керек, бул үчүн башкы прокурор андан кечирим сурап, кайрадан ишин карап чыгышы керек», — деп салды.

     Текебаевдин мындай айыптоосуна баш прокурор Ө. Жамшитовдун атасы А. Жамшитов “Элдик Медиа” маалымат агенттиги аркылуу төмөндөгүчө жооп берди:

     “Өмүрбек Текебаевдин 2-сентябрда Акман айылында Мелис Мырзакматов жөнүндө сүйлөгөн сөзүн көрүп, жакамды кармадым. Ош шаарында салынган эстакадалык көпүрөгө тиешем жок, анткени мен Ош шаардык мэриясында иштеген эмесмин, кайсыл адамдар акталгандарын же жоопко тартылгандарын билбеймин. Ал иш боюнча катышы бар аралашкан адамдардын бүгүнкү күндө көзү тирүү. “Калк айтса да калп айтпайт” дегендей, көпүрө чыры боюнча суралган, же өзү айткан акталган адамдар менен сүйлөшүп маалымат алып туруп, тактап билип текшерип айтса туура болмок».

     Чын эле да Өмүрбек Чиркешович, өзүңүз деле Атамбаевдин доорунда жасалма ачылган кылмыш иши менен 2 жыл 7 ай абакта отурдуңуз, эми болсо минтип Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушуна, ага байланыштуу кылмыш ишине таптакыр катыштыгы болбогон эле адамды эл алдында айыптап отурасыз. Асылбек Жамшитов Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгында иштегени белгилүү. Ал эми Ош шаары статус боюнча облуска баш ийбей турганын сиз жакшы билсеңиз керек. Андыктан маалыматты тактабай туруп, бир адамдын атын айтып айыптаганыңыз үчүн эми өзүңүз кечирим сурашыңыз керек болуп калган жокпу?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here