“АЙЫЛДА ЖУМУШ ЖОК, ТҮРКИЯДА ИШТЕЧҮМҮН” СОЛТОН-САРЫ КЕНИНДЕ ИШТЕП КЕЛГЕН БАКЫТ КАНАТБАЕВ КЕНДЕГИ ИШТИН ТОКТОШУНА ТЕРС ПИКИРИН БИЛДИРДИ

0
60

     “Айылда жумуш жок, Түркияда иштечүмүн” Солтон-Сары кенинде иштеп келген Бакыт Канатбаев, кендеги иштин токтошуна терс пикирин билдирди.

    Нарын районундагы Миң-Булак айылынын тургуну Бакыт Канатбаев элеттеги жумушсуздуктун айынан буга чейин Түркияга иш издеп кеткен. Ал эми аталган айылга караштуу Солтон-Сары жайлоосундагы Бучук участогунда кен казуу иштерине элеттик жаштарды жумушка алып жатканын угуп, мекенине кайткан.

     Тилеги орундалып Кытай компаниясы тарабынан айдоочулук кызматка алынат. “Айлык маянабыз 20-22миң сомдун тегерегин түзчү. Айыл жеринде бул жакшы акча. Өз ата-энең бир туугандарыңдын маңдайындасың. Анын үстүнө 15 күн Солтон-Сарыда иштеп, айдын калган жарымында үйдөгү иштерди бүтүрүп алчумун”-деп белгиледи ал. Муну менен катар Бакыт Канатбаев Солтон-Сарыда жумушчулар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн болчу дейт. Айтымында жатакана, тамак аш көңүлдөгүдөй уюшулган. “Тилекке каршы Солтон-Сарыда жумуш токтоп калды. Эми азыр эмне кылсам деп ойлонуп жатам. Чет өлкөгө деле кетпейм го. Жогорку билимим бар ошондуктан мамлекеттик кызматтардан иш издеп көрсөмбү деп жатам”-деди Бакыт Канатбаев.

     Белгилей кетсек, Солтон-Сары жайлоосундагы “Бучук” участогунда кен казууга даярдык жана чалгындоо иштерин Кытайлык “jhong ji Mining” компаниясы жүрүгүзүп жаткан. Ушул жылдын жаз айларынан баштап, аталган компания Миң-Булак айылынан 134 адамды жумуш менен камсыз кылган. Бирок август айынын башында компаниянын иши чыр чатактарга байланыштуу убактылуу токтотулган. Учурда тиешелүү органдар чырдын чоо жайын иликтеп жатышат.

Источник: https://eldik.media

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here