Орозбек Опумбаев, УКМКнын төрагасы: «Атамбаев төңкөрүш жасоо максатында кан төктү»

0
77

     Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев «өлкөдө төңкөрүш жасаш үчүн Алмазбек Атамбаев кан төгүшү керек болчу» деп билдирди. Ал бул тууралуу Кой-Таш операциясы боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин басма сөз жыйынында билдирди. Ошондой эле Атамбаев элди үйүнө чогултуш үчүн акча бергенин айтты.

     «Ал эмне үчүн айланасына аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды жыйнады? Алардын ар бирине миң сомдон 4 миң сомго чейин төлөп турган. Бул милиция келгенде кагылыш кылыш үчүн уюштурулган. Ал үчүн атайын таштар да түшүрүлгөн. Өлкөдө төңкөрүш кылыш үчүн ал кан төгүү керек болчу. Мен муну расмий түрдө ачык айтам».

     Опумбаев ушундан улам Алмазбек Атамбаевди тергөөгө мажбурлап алып келүү УКМКга тапшырылганын жана ал мыйзамдуу болгонун кошумчалады.

Булак: “Азаттык” үналгасы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here