Солтон-Сарыдагы жаңжал боюнча видеолорду таратуу менен улуттар аралык кастыкты козутуудан сак бололу

0
51

     5-августта Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенинде жергиликтүү тургундар менен кенди иштетип жаткан «Zhong Ji Mining company» кытайлык компаниясынын кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыгып кеткени белгилүү. Анда жергиликтүү тургундар аталган компаниянын ишин токтотуусун талап кылышкан. Акыркы убактарда аталган аймактагы жандык малдын кырылып жатканы буга себеп болгон. Натыйжада сүйлөшүүлөр жыйынтык бербей, эки тарап бири-бирине таш ыргытышканы маалым болду.

     Ушул жаңжалды видеого тартып алышып, аны WhatsApp жана социалдык түйүндөр аркылуу таркаткандар болууда. Ошондон улам УКМК аны таратып жаткандарга эскертүү берди. «Түрдүү ММКда, интернет-сайттарда жана социалдык түйүндөрдө Солтон-Сары алтын кениндеги жаңжал боюнча видеоматериалдарды таратуу улуттар аралык касташууга алып келиши мүмкүн», — деп айтылат анда. Бул видеоматериалдар коомчулук тарабынан өтө катуу талкууланып, терс кабыл алынып жатканын да кошумчалайт.

     «Мындай тенденция калктын нааразычылыгынын эскалациясын түзүшү мүмкүн, каршылык акцияларын жана массалык башаламандыктарды, анын ичинде улуттар аралык негизде да башаламандыктарга негиз болуп калышы мүмкүн», — дейт УКМК. Ошондон улам андай видеоматериалдарды тараткан авторлорго эскертүү берет.

     Чындыгында эле мындай видеоматериалдар нааразычылыктарды гана жаратышы мүмкүн. Анын үстүнө ал видеоматериалдарда жалпы жагдай эмес, жагдайдын бир гана кыскача моменттери көрсөтүлүп жатат. Андыктан аны улуттар аралык кастыкты козутууга да пайдалангандар чыгышы мүмкүн. Андыктан мамлекетибиздин бүтүндүгү, элибиздин тынчтыгы үчүн мындай провокациялык аракеттерден алыс болушубуз керек.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here