Марс Сариев, саясат таануучу: “Атамбаев өзүнө кылмыш иши козголорун сезип калып чагым сала баштады”

0
246

— Экс-президент Алмазбек Атамбаев акыркы кездери өзүн көзөмөлдөй албай калып оозуна келгенди оттой баштады. Буга аны кандай жагдай түртүп жатат деп ойлойсуз?

— Атамбаев өзү да жакын арада ага кылмыш иши козголгону калганын сезип калды. Ошон үчүн Атамбаев чагым таштап жатат. Ал эми анын улам эле «Раим милилон» деп бул маселени көтөрүп жатканы — аны саясий курал катары колдонгону. Азыр эми Матраимовду Жээнбековго жүктөп жатат. Бирок Райымбек Матраимов Атамбаев президент болуп турганда бажы кызматында иштеп, кийин ал жактан дал ошонун тушунда жогору көтөрүлгөн.

— Президентти Райымбек Матраимовго чаптоо аракети натыйжа береби?

— Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенде Райымбек Матраимов кызматтан кетип, ал жакта иштебей калган. Бул эми Атамбаев «карапайым эл башынан баштап түшүнбөйт» деген негизде «Раим миллион», «Кокон хандыгы», «Түштүк», «Колхоз» деген жарлыктарды атайлап илип, ушул багытта колдоочуларына таасир этем деп маалымат согушун жүргүзүүдө.

Булак: “Азаттык” үналгысы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here