Клара Сооронкулова, Конституциялык соттун мурунку судьясы: “Атамбаевди ордуна коюп, оозун жабыш керек”

0
834

— 8-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаев митинг өткөрүп, анда бир катар билдирүүлөрдү жасады. Атамбаевдин айткандарына кандай баа бересиз?

— Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун беделине шек келтирген сөздөрдү айтты. Буга тийиштүү орган чара көрүшү керек. Бирок аны орчундуу маселе катары кароонун кажети жок, көбүрөөк укук коргоо органдары иликтеши зарыл.

     Атамбаев өз убагында саясатчы, журналисттерди кандай гана куугунтуктаган. Мамлекет экс-президентке кадыр-барк менен мамиле кылат. Атамбаевди күзөтүнөн тарта, тамак-ашына чейин мамлекет багып жатса, ал башкача мамиле кылууда. Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек. Мындан улам экс-президентти ордуна коюп, оозун жабыш керек. Ал эми жалпы коомчулук Атамбаевдин интервьюларына кайдыгер мамиле кылып коюшу керек. Эл көңүл бурган сайын, Атамбаев күчөй берет.

— Атамбаевге кылмыш ишин козгоону талап кылгандар да басымдуу. Экс-президентке кандай айыптарды койсо болот?

— Алмазбек Атамбаев бийликте турганда жасаган аракеттеринде кылмыштын белгилери көп. Ага бийликти кыянаттык менен пайдалануу, узурпация боюнча кылмыш ишин ачып, жоопкерчиликке тартууга болот. Анткени, Атамбаев укуктук жактан документтерге кол койбосо да, бардык маселелерди чечкен.

     Ошондой эле Атамбаев камалган адамдардын айрымдары күнөөлүү эмес экенин өзү да айтып жатат. Демек, алар күнөөсүз болсо, анда күнөө Атамбаевде. Мындан сырткары, КСДПнын 8-июнда өткөн митингинде бир топ чакырыктар болду. Бул жагынан да Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга болот. Башкы прокуратура Атамбаевдин ушул сөздөрүндө кылмыштын белгилери бар деп аныктаса, ал күзгө жакын экс-президенттик статусунан ажырап калышы мүмкүн.

— Атамбаевдин «Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык» дегени да кылмыш ишин козгоого жол ачат деп жатат. Сиз юрист катары буга кандай жооп берет элеңиз?

— Атамбаевдин «Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык» дегени учкул сөз катары колдонулду, бирок мурдагы президенттик шайлоонун алдында «Республика-Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери, саясатчы Өмүрбек Бабанов Оштун Он-Адыр кичирайонунда ушундай эле маанидеги сөздөрдү колдонгону үчүн ага кылмыш иши ачылганын унутпашыбыз керек. Бабановдун айткандары шайлоого тоскоолдук жаратууга шылтоо болгон. Ал эми Атамбаев импичмент тууралуу айткан адамды каматып салды. Ошол кезде Жогорку Кеңеш өз кесиптешин коргой алган эмес. Атамбаев президент болуп турганда кандай иштеп жатканын билип турсак да, жоопкерчиликке тарта алган жокпуз. Анткени, ЖК бечел болгон.

Булак: “Марал” радиосу

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here