Чыныбай Турсунбеков кайсыл фирмаларга ээлик кылат?

0
90

     Кыргызстанда саясатта жүргөн олигархтар аз эмес. Ошолордун катарында Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо өз алдынча талапкерлигин коём деп жар салып, бирок кайра айнып кеткен Чыныбай Турсунбеков да бар. Ал ун бизнеси менен байыгынан элге маалым. Анан дагы парламентте ал өзүнүн ун азыктарын чыгарган фирмалары үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү аракетин жасаганы менен дагы белгилүү. 

     Мындан сырткары ал Ысык-Көлдө бир нече пансионатка, «БЛВЗ» ААКсына, «Акылинвестбанкына» ээлик кылат. Ал эми кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн санаш үчүн өзүнчө кеп кылууга туура келет. Биз бул жолу ага тиешелүү фирмалар тууралуу кеп кылгыбыз келип турат.

     Экс-спикердин балансында «Керамет Co inc» аттуу биргелешкен кыргыз-түрк ЖЧКсы бар. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айылындагы №87 үйүндө жайгашкан. Ал эми «Альтаир» аттуу дыйкан чарбасы ошол эле Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылында жайгашкан.

     Булардан тышкары Ч. Турсунбековго Бишкек шаарынын Дэн-Сяопин проспектиси үй №308 дарегинде жайгашкан «Акун Курулуш» заводу катталган. 

     Бишкек шаарынын И. Ахунбаев көчөсү үй №119 «А» дарегинде «Ишкерлердин Бишкек федерациясы» коомдук бирикмеси жана Сагынбай көчөсү үй №264 дарегиндеги 14-батирде жайгашкан «Алчын» кыргыз-түрк биргелешкен коому ЖЧКсын да айтып коюу керек.

     Ч. Турсунбековдун жубайы Н. Тентимишевага Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсү үй №7 дарегиндеги «Энди Билдинг» ЖЧКсы, Бишкек шаарынын Кулиев көчөсү үй №2 дарегиндеги «Бишкек ун комбинаты» ААКсы, Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы «Акун Ысык-Көл» ЖЧКсы (пансионаты) катталган.

     Чыныбай мырзанын кызы А. Турсунбекова Бишкек шаарынын Ден-Сяопин проспектиси үй №308 дарегиндеги «Акун» ЖАКсына ээлик кылат.

     Мына ушул фирмалар Чыныбай мырзага таандык. Балким, «аз эле санда экен го» деген ойдо болушуңуз мүмкүн. Бирок, булардын баары ири ишканалар, заводдор, пансионаттар экенин эске алышыбыз керек. Ошондо ушулардын баарын Ч. Турсунбеков маңдай тери менен тапкан деп айта алабызбы? Балким, тиешелүү укук коргоо органдары Чыныбай мырзанын бардык мүлктөрүн, фирмаларын бир иликтөөгө алып көргүсү бардыр.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here