Бизнесмен өз арабасын, саясатчы өз арабасын тартканда гана өлкөдө өнүгүү, стабилдүүлүк, адилеттик болот

0
84

Кыргызстан өз алдынча өлкө болгон жылдардан бери карай саясий айдыңды уламдан улам бизнесмендер, бай адамдар көбүрөөк ээлей баштаганын жашыра албайбыз. Алар карапайым элдин кулагына жагымдуу толтура убадаларды берип, шайлоолордо жеңишке жетишип, бирок шайлоодон кийин эле ал убадаларын унутуп калып жатышканы да белгилүү. Анан кийинки шайлоо келгенде эле ошол убадаларды кайрадан көтөрө чаап чыгып жатышканы да калп эмес.
Ошентип акырындык менен чыныгы интеллигенция өкүлдөрү, мамлекет үчүн чын жүрөгүнөн иштеп бере турган саясатчылар четке сүрүлүп, саясаттын казанында ар кандай жолдор менен байып алгандар кайнап калышты. Албетте, баары эмес, бирок басымдуу бөлүгү.
Ошонун натыйжасында өлкө башына мурда бизнес менен алектенген адам — АША дагы келип көрдү. Албетте, анын бизнесинин пайда болуу таржымалы дагы бир топ шектүү суроолорду жаратат. А. Атамбаев президенттик тактыга келгенге чейин катардагы үйлөрдүн биринде жашап жүргөн болсо, президенттик тактыдан кетер маалында Кой-Таштагы 2,7 гектар жердеги баасы асманды чапчыган хансарайда жашап калды. Андан сырткар резиденцияда да бир хансарай салдырды. Анын мурдагы жансакчы, шоопурлары мультимиллионерлерге айланышты. Бул саясатка байлыкты гана көздөгөн бизнесмендин келиши кандай боло тургандыгын далилдеген бир факты болду.
Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоодо дагы бир олигарх Ө. Бабанов бийликтин туу чокусуна отуруу аракетин жасады. Ал ага чейин деле премьер-министрлик кызматка чейин өсүп жеткен. Бирок, ошол кызматтарда туруп мамлекет үчүн эмес, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн көбүрөөк иштегени ачыкка чыкты.
Мына ушундан улам кече жакында эле Кытайдан чыккан миллиардер Джек Манын россиялык телекөрсөтүүлөрдүн бирине курган маегиндеги: «Если ты в бизнесе – то не должен стремиться к власти, а если ты в политике, то не должен стараться стать богатым. Если они сомкнутся – то это бомба», деп айтканы чындык экенине ынанасың. Балким, чын эле эми биз саясаттан бизнесмендерди бөлүп чыгара турган учурга келип жеткендирбиз? Саясатты бай эмес, бирок көкүрөгү байлар жүргүзүп, элибиздин турмушун оңдошкону жакшы эмеспи.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here